14-18-февраль аралыгында англис тили жумалыгы болуп өттү. Жумалыктын алкагында 5-11-класстар үчүн “Landmark of United Kingdm of Great Britain and United States of America” темасында сүрөт көргөзмөсү болду, тарыхый жерлерди баардык класстар жакшы тартууга аракеттенишкен. Бардык окуучулар активдүү катышышты, бирок 6-8-класстарынын окуучуларынын тарткан сүрөттөрү жакшы деп табылды. “English as global language of communication” темасында дилбаяндар алынды. Мындан тышкары 5-11- класстар үчүн “Think and find” кроссворддорду,ребустарды жандыруу сынагы болуп өттү. Ар бир тапшырманы окуучулар убагында аткарып өздөрүн жакшы көрсөтүүгө далалат кылышты. Жумалыкты жыйынтыктоо иретинде 8-11-класстын окуучуларынын катышуусу менен “Брейн ринг” аталышындагы жыйынтыктоочу интеллектуалдык сынак болуп өттү. Сынак 5-бөлүктөн туруп, окуучулардын канчалык деңгээлде англис тилин жакшы билгендигин көргөзө алышты. Сынактын жеңүүчүсү болуп 8 – класстын окуучулары табылды. Жумалыктын жыйынтыгы чыгарылып активдүү катышкан окуучуларга, класстарга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар,грамоталар берилди.
Комментарии