(RU)
Бектурганова Жылдыз Дайырбековна буга чейин мектепти жетектеп келген Мураталиева Сайнагүл Мойдиновна ардактуу эс алууга узагандан кийин анын ордуна кызматка келди.
Бектурганова Жылдыз Дайырбековна 1976-жылдын 19-август Кочкор районунун Дөңалыш айылында туулган. 1993-1998-жылдары КМУУ Химия технология факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1998-2000жылдары Бишкек шаарындагы 76 кесиптик техникалык лицейде химия мугалими болуп иштөө менен баштаган. 2001-жылдан ушул убакка чейин Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектепебинде химия мугалими жана директор болуп иштеп келет.
Ал учурда үй-бүлөлүү, 2 уулдун апасы.